Азирети Муфтий Замир кары Ракиев: Жолдо жүрүүнүн эрежесин так сактап, аманатка кыянат кылбайлы

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев  учурда жол кырсыгынан адамдардын жаны көп кыйылып жаткандыгын баса белигеп, айдоочуларды жоопкерчиликтүү болууга жана адамдын өмүрү менен ойнобоого чакырды.

Муну менен катар Азирети Муфтий жол кырсыктарынын көбөйүшү менен чоң жоготуулар болуп, жаш балдар жетим калып, ата-энелер азап тартып жатканын айтты.

 «Социалдык тармактарда үрөй учурган жол кырсыктарын көрүүгө болот. Бул адамдын зээнин кейитет. Өзгөчө такси кызматын аркалагандарга эскертем, акча үчүн адамдын өмүрү менен ойнобогула. Жолго чыгаардын алдын унааны текшерүүдөн өткөрүп, эс алуу керек. Жолдо жүрүүнүн эрежесин так сактап, аманатка кыянат кылбайлы»,-деди Азирети Муфтий.