Талас ОИИБдин демилгеси менен терроризм менен экстремизмди алдын алууга багытталган семинар болуп өттү

26-август күнү Талас ОИИБнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграция каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Талас облусунун күч түзүмдөрүнүн жана дин кызматкерлеринин арасында “Талас облусунун аймагында экстремизм жана терроризмди алдын алуу” аталышындагы семинар болуп өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чарага Талас облусунун ИИБнын жетекчилиги, Талас облусунун прокурору, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын үгүт-насаат бүлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев жана казыяттын кызматкерлери катышты.

Жыйында Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов: “Диний багыттарга өзгөчө көңүл буруу мезгилдин талабы экендигин жана аны биз, укук коргоо органдары тыкыр көзөмөлгө алуубуз зарыл”- деп баса белгиледи.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний уюмдар жана алардын көз караштары тууралуу слайд көрсөтүлүп, анда терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү багытында аткарылган иштердин мыйзамдуулугу көзөмөлдөнүп, терроризмдин, экстремизмдин детерминанттарынын (шарт,өбөлгө) жоюу, террордук чабуулдардан коргонуу боюнча тиешелүү жактарга сунуштарды, жазуу түрүндө эскертүүлөрдү жиберүү иштери аткарылышы зарыл экендиги айтылды.

Мындан тышкары иш-чарада экстремисттик жана террористтик көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында мамлекеттик органдар тарабынан биргелекте тынымсыз иш-чаралар жүргүзүлүп, жергиликтүү жашоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экендигин билдиришти.