Ноокат районундагы төрт айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына жыйын өтүп, диний абал талкууланды

Ош облусуна караштуу Ноокат районунда төрт айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына жыйын уюштурулду. Ага Ноокат районунун башкы имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев, Ноокат РИИБнин ЭММКА кызматынын улук ыйгарым укуктуу опер кызматкери, милициянын майору Кенешов Каныбек жана жооптуу имамдар катышты. Жыйында жашы жете элек өспүрүмдөргө нике кыюунун биологиялык, психологиялык, социалдык кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, юридикалык жагы эскертилди.

«Урматтуу дин кызматкерлери! Арзыбаган акчага азгырылып, же  байкабастык кылып жашы жете элек өспүрүмдөргө нике кыйып албаңыздар. Бул мыйзамга туура келбейт. Юридикалык жоопкерчиликке тартылып калышыңыздар мүмкүн. Ушул маселени карамагыңыздардагы имамдарга да түшүндүрүңүздөр», – деди милициянын майору.

Ал эми райондун башкы имам-хатиби  учурдагы кырдаал жана экстремизм боюнча токтолуп, бул жаатта дин кызматкерлери бардык аракеттерди жасап жаткандыгын билдирди.

 «Дүйнөнүн ар кайсы бурчунда катталып жаткан динибизге жатпаган жосундар жана кылмыштуу аракеттер исламий түс менен чагылдырылып калууда. Албетте, буга кызыктар күчтөр бар. Эл арасында жалган маалыматтардын курмандыгы болуп, ар кандай провокацияга бат алдыргандар дагы бар. Көпчүлүгүндө сабыр, терең көз караш жана илим жок. Илимсиздик бүт нерсеге, анын ичинде эң биринчи кезекте динге зыянын тийгизет», – деди  Музаффар ажы Турдубаев.

Мындан сырткары ал тазалыкты сактоо жана азан убактыларына бек болуу маселесин көтөрүп, бардык имамдарды тартипке баш ийүүгө чакырды.