Кара-Кулжанын башкы имам-хатиби райондогу үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору менен жолугуп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү талкуулашты

Кара-Кулжа районунун башкы имам-хатиби Дастан ажы Мамаев Кара-Кулжа районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Чынар Кармышакова менен жолукту. Жолугушууда COVID-19 ылаңынын кесепеттери жана калайыкты илдеттен коргоо боюнча пикир алышты.

«COVID-19 өткөн жылы дүйнө жүзүн, анын ичинде бизди да сестентип койгон эле. Бирок, бул жылы жарандар психологиялык жактан көнүп калдыбы же кайдыгерликтенби, мурункудай санитардык эрежелер сакталбай калды. Тилекке каршы, аталган вирус жок болуп кеткен жок да. Вирусту жеңүүнүн эң эффективдүү жолу – санитардык эрежелерди бекем сактоо. Ушул боюнча сиздер да жардам берип, жума намаздарында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзсөңүздөр бизге чоң жардам болоор эле», – деди үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору.

Ал эми Дастан ажы Мамаев  ислам дини  адам баласынын саламаттыгына абдан катуу көңүл бура тургандыгын айтып, санитардык талаптарды сактоо жана ден соолукка кам көрүү жаатында муфтияттын жана казыяттын тапшырмаларынын негизинде бир топ иш-чаралар аткарылгандыгын билдирди.