Биз, ыймандуу жана билимдүү болсок өлкөбүз өсөт, өнүгөт. Азирети Муфтий Замир кары Ракиев эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады

            Урматтуу мекендештер, кадырлуу мусулман бир туугандар жана мамлекетибиздин жалпы коноктору!  Мамлекетибиз өзүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатат. Алла Таалам бизге дайыма эгемен эл бойдон калууну, куттуу элибиздин ар дайым ынтымакта, биримдикте жашоосун, берекелүү жерибизде түбөлүктүү тынчтыктын орноосун насип кылсын!

            Мамлекетибиздин эгемендүүлүгү, динибиздин эркиндиги Алланын бизге берген чоң жакшылыгы, белеги. Алла Таалага чексиз шүгүр, токсон пайыз мусулман калкы жашаган мекенди Жараткан насип кылып, өмүрүбүздү өткөрүп жатабыз. Ар бирибиз ынтымакты туу тутуп, ыйманда, берешендикте, достукта өмүр сүрөлү.  Диний баалулуктарды, улуттук каада-салтыбызды эске алуу менен бирге элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына, мамлекетибиздин күч-кубаттуу жана гүлдөгөн алдыңкы өлкөлөрдөн болуусуна жалпылап салым кошолу. Мамлекетибиздин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн улут-урууга, жерлерге бөлүнүп-жарылбай, ар кандай провокациялык иш-чараларга азгырылбай сабырдуулук, такыбалык, күнөөдөн сактануу менен жашайлы.

            Биздин башкы милдетибиз кийинки урпактарыбыздын жаркын келечеги үчүн жапа тырмак киришип, ыймандуу, адеп-ахлагы бийик, кайрымдуу, жоомарт, кайраттуу жана билимдүү муунду тарбиялап чыгуу болуш керек.    Ар бирибиз адал эмгек кылып, туура жолго багыт алалы. Жан дүйнөбүздү тазартып, пейилибизди оңдойлу, күнүмдүк жашоонун,  кара курсактын кулу болбой, акыреттик жашоону ойлойлу. Биз, ыймандуу жана билимдүү болсок өлкөбүз өсөт, өнүгөт.

            Аллага чексиз шүгүрлөр, мактоолор болсун. Мекенибизде мечиттер салынып, азан айтылып, намаздар өз учурунда окулуп, медреселер иштеп, аалымдарыбыз динибиздин баалуулуктарын эркин айтышууда. Бул Жараткандын колдоосу жана белеги, ыймандуу коомдун түзүлүүсү, эгемен өлкөбүздүн өнүгүп өсүүсү,  динибиздин туура жайылуусу. Түбөлүккө эгемен өлкөбүздүн келечеги кеӊ болуп, гүлдөп өссүн!

            Алла Таала элибизди, жерибизди ар кандай жамандыктардан сактап, мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемделишине, өз жерибизге, мекенибизге тынчтыкты, бакубат жашоону Жараткан насип кылсын!

Сиздерди терең урматтап,

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев