Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев ДИМКнын Талас облусундагы өкүлү Чынара Осмонбекова менен жолугуп, мечиттердин каттоосу боюнча пикир алышты

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, облус казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков жана казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Абдысамат уулу Өмүрзак ДИМКнын Талас облусундагы өкүлү Чынара Осмонбекова менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда мечиттердин каттоосу, имамдардын билимин жогорулатуу, диний окуу жайлардын шарттарын жакшыртуу, санитардык эрежелерди сактоо маселелери каралды.

Ал эми ДИМКнын Талас облусундагы өкүлү жаңы дайындалган облус казысына ийгиликтерди каалап, облустук казыят менен  тыгыз кызматташа тургандыгын  билдирди.

“Динибиздин асыл баалуулуктарын коомчулукка жеткирүүдө дин кызматкерлери бардык аракеттерди жасоодо. Коомубуздун оңолуусуна ар бирибиз салым кошуп, ыймандуу, адеп-ахлагы бийик муунду тарбиялап чыгалы. Ар бир ата-эне билимди, тарбияны үйдөн баштаса, билим берүүчү кызматкерлерге дагы жеңил болмок”,-деди облус казысы.

Муну менен катар облус казысы мечиттердин каттоосу жана диний окуу жайлар боюнча бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтты.