Азирети Муфтий Замир кары Ракиев республикалык Куран жарышынын уюштуруучулары менен жолугушуп, сынакка даярдыктар менен таанышты

Бүгүн, 1-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев республикалык Куран жарышынын уюштуруучулары менен жолугушуп, сынакка даярдыктар менен таанышты. Жолугушууда уюштуруучулар Куран жарышына карата даярдык иштеринин жүрүшү, анын жол жобосу тууралуу Азирети Муфтийге маалымат беришти.

«Куран жарышын жогорку деңгээлде өтүүсү үчүн бардык даярдыктар көрүлүп жатат. Жараткан насип кылып, сынак калыс, адилеттүү жана татыктуу өтөт деген ишеничтебиз. Ал үчүн тиешелүү даярдыктардын бардыгы көрүлүүдө»,-деди уюштуруучулардын бири Эрлист Акунбеков.

Ал эми Азирети Муфтий Куран жарышын жогорку деңгээлде өткөрүү керектигин айтып, Куран жаттаган мыктыларды татыктуу, адилеттүү тандоо керектигин баса белгиледи. Муну менен катар Азирети Муфтий Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү менен тыгыз байланышта иш алып баруу керектигин белгилеп, мүмкүн болушунча Куран жарышын Эл аралык деңгээлде өткөрүү керектигин айтты.

«Куран жарышын дүйнөлүк  деңгээлге көтөрүшүбүз зарыл. Бул менин алдыга койгон максатымдын бири. Алланын сөзү болгон Куранга кызмат кылуу эбегейсиз сооптуу иш. Буюрса бул сынакты жогорку деңгээлде өткөрөлү»,-деди Азирети Муфтий.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы өткөрүлөт.

15-сентябрга чейин бардык облустук жана шаардык казыяттар өз аймагындагы Куран жаттатуу медреселеринин окуучулары жана жалпы эле Куран жаттоо менен алектенип жүргөн карылардын арасында тандоо конкурсу өткөрүлүп, андан жеңип чыккандар республикалык Куран жарышына катышууга жолдомо алышат. Ал эми 25-сентябрь күнү финалдык беттеш Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде өткөрүлөт.  

ЭСКЕРТҮҮ: Конкурска катышууга талапкерлердин жаш курагына чектөө коюлбайт.

КУРАН ЖАРЫШЫНЫН ТҮРЛӨРҮ:

1.         Куранды толук (30 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

2.         Курандын үзгүлтүксүз (20 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

3.         Куранды үзгүлтүксүз (10 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

ЖАРЫШКА КАТЫШУУЧУНУН ШАРТТАРЫ:

1.         Кыргызстандын жараны болуусу

2.         Бул жарышта, жарыштын бир эле түрү боюнча катыша алат

3.         Жарыштын бир түрүнө катталып, жарыш башталганда башка түрүнө өтүүгө болбойт

4.         Жарышка катышып, сынак маалына келгенде баш тартууга тыюу салынат

5.         Катышуучулардын саны чектелбейт.

БАЙГЕЛЕР:

10 ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -100 000
  • 2-орун -70 000
  • 3-орун 50 000

 20-ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -150 000
  • 2-орун -100 000
  • 3-орун 80 000

30-ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -200 000
  • 2-орун -150 000
  • 3-орун 100 000

Куран жарыштын жалпы фондусу — 1,5 миллион сом. Демөөрчү «Бай дыйкан» дыйкандарды колдоо борборунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Эрлист Акунбеков.

Байланыш телефондору: 0770644438, 0773671225, 0708383840, 0558500806