Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов Акжол Махмудовго ыраазычылык баракчасын тапшырды

Бүгүн, 1-сентябрда Ош облусуна караштуу Араван районунун борбордук аянтында Токио-2020 олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудовду салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Ага ЖК депутаты Өмүрбек Бакиров, Араван районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Сейтек Кулубаев, Араван районунун башкы имам-хатиби Алибек ажы Жусупов жана район тургундары катышты.

Алибек ажы балбанды жеңиши менен куттуктап, жалпы жаштарды спорт менен дос болууга чакырды: 

«Күрөштү үйрөнүү сүннөт. Мына көрдүңүздөр, балбандарыбыз көз карандысыздыгыбыздын 30 жылдыгына карата жагымдуу белек тартуулашты. Акжол сыяктуу балбандарыбыздан өрнөк алган жаш өспүрүмдөр келечекте туубузду бийик көтөргөн чемпион болот деген үмүт чоң. Жаштарга дем-шык берген спортчуларды тарбиялаган ата-энесине, жакындарына жана машыктыруучуларына терең ыраазычылык билдиребиз», – деди Алибек ажы.  

Ошондой эле спортчуга райондук хатибияттын атынан белек-бечкек жана ыраазычылык кат тапшырылды.

Эскерте кетсек, Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Акжол Махмудов 23-августта II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом жана Toyota RAV4 автоунаасы менен сыйланган.