ДИМК директору жана Азирети Муфтий президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков менен жолугушуп, диний абалды талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев «Ыйман кербени» аттуу иш сапары менен Талас облусуна келип, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков  менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий Талас жергесине жасаган иш сапарынын максатын айтып, жер-жерлердеги, аймактардагы жергиликтүү тургундар менен ыймандашып, аларга ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүү керектигин айтып өттү. «Ыйман кербени» аттуу иш сапардын алкагында дин кызматкерлери менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышуу экендигин кошумчалады. Муну менен катар айымдардын диний жааттагы маалыматтуулугун жакшыртуу үчүн атайын сабактар уюштурулгандыгын айтып, казыят мындан ары бул жаатта иш алып бара тургандыгын билдирди.

Ал эми ДИМК директору диний абал боюнча маалымат берип, мындай демилгелүү иштер жети дубанда өтө тургандыгын билдирди.

Ал эми президенттин  Талас облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү облустук казыят менен тыгыз иш алып барып жаткандыгын айтып, ДИМК менен КМДБнын  уюштуруп жатан иш-чараларына ийгиликтерди каалады.

Аталган жолугушууга Ош, Баткен,  Жалал-Абад, Чүй, Нарын, Талас облусунун жана Бишкек менен Ош шаарынын мусулмандар казылары, КМДБнын кызматкерлери катышты.

Эскерте кетсек, «Ыйман кербени» аталышындагы иш-чара КР ДИМК жана КМДБ тарабынан уюштурулуп, буга чейин Жалал-Абад жана Баткен облустарында өткөрүлгөн.