Таласта «Эгемендүү Кыргызстандын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты жана Ислам дини» аттуу конференция өтүп, дин кызматкерлери сыйланышты

Бүгүн, 2-сентябрь күнү КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан «Ыйман кербени» аттуу иш-чаранын алкагында  Талас шаарындагы А.Огонбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде «Эгемендүү Кыргызстандын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаты жана Ислам дини» аттуу конференциясы  өтүп, ага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков, Талас ОИИБнын жетекчиси Мелис Асанов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дин кызматкерлери, жети дубан казылары катышты.

Конференция Куран окуу менен башталып, андан соң өлкөдөгү диний абал, экстремизмдин алдын алуу, дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу, мечиттердин каттоосу, диний билим берүүнүн жаны заманбап усулун иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

КР ДИМК директору өз докладында өлкө эгемендүүлүккө жеткенден тартып  коп конфессиялуу коом түзүлгөндүгүн айтып, улуттар, уруулар арасындагы ынтымакты бекемдөө менен мамлекетибиздин бүтүндүгүн келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү керектигине токтолу.

Ал эми Азирети Муфтий дин кызматкерлерин ынтымакка, биримдикке чакырып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып барууга үндөдү.

«Коомубузду ондоо үчүн ар бирибиз  талыкпай эмгектенип, элибизди терс диний агымдардан оолак кылалы. Ал үчүн биз дайыма билимибизди жогорулатып, өсүүнүн үстүндө бололу. КМДБ дин кызматкерлеринин билимин жогорулатууда бардык аракеттерди көрүүдө»,-деди Азирети Муфтий.

Конференциянын жыйынтыгында Талас облусундагы бир катар дин кызматкерлери ардак грамота жана ыраазычылык барактары менен сыйланса, Талас облусунун мурдагы казысы Таалайбек ажы Бапиевге ДИМКтин атайын төш белгиси ыйгарылды.