Кара-Сууда имамдын демилгеси менен аз камсыз болгондорго мектеп формалары берилди

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн Сармазар мечитинде 31-август – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө жана 1-сентябрь – Билим күнүнө карата аз камсыз болгон,  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү  чектелген үй-бүлөлөргө жана жетим балдарга жардамдар берилди.

Мечит имамынын демилгеси менен уюштурулган кайрымдуулуктун алкагында жалпысынан 30 үй-бүлөдөгү 50 бала мектеп формалары менен камсыздалды.

Балдардын билим алуусуна көңүл буруу жана шарт түзүү өтө зарыл маселелердин бири. Эгемендик күнүнө карата, ошондой эле келе жаткан жаңы окуу жылын утурлай жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам берилди. Алардын катарында беш балалуу көзү азиз кишинин үй-бүлөсү да бар. Жаш өспүрүмдөрдү кубанткан жамаатыбыздан Алла ыраазы болсун”, – деди мечит имамы Нишанов Рахимжан.