Кара-Сууда томолой жетим өспүрүмгө жаңы кийим жана окуу куралдары алынып берилди

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл өкмөтүнүн Эркин айылынын «Эркин» мечитинин имамы Турдубаев Асилбектин демилгеси менен аталган айылдын тургунуна жаңы окуу жылына карата мектеп формасы жана окуу куралдары сатып алынып берилди.

«Пайгамбарыбыз жетим балдардын башын сылагыла деген. Хадистен багар-көрөрү жок балдарга мээрим төккүлө, камкордукка алгыла деген насаатты түшүнөбүз. Биз дагы 1-сентябрга карата бир окуучуга мектепке кие турган жаңы кийим-кече жана окуу куралдарын алып бердик», – деп билдирди мечит имамы.