Президент Садыр Жапаров: Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өлкөдө дин аралык, этностор аралык тынчтыкты сактоодогу ролу өтө чоң

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 6-сентябрда, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевди кабыл алды. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) учурдагы ишмердүүлүгү, келип чыккан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу, өлкө элинин биримдигин чыңдоо маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан светтик, көп конфессиялуу өлкө экенин, анын калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзөөрүн белгиледи.

«Ислам дини толеранттуулукка, сабырдуулукка, айкөлдүккө чакырат. Бул багытта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармылыгынын ролу өтө чоң. Мына ушул жаатта башка жамааттардын башын бириктирип, аалымдар жана казылар менен бирге иш алып баруу зарыл», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Коркунучтардын алдын алуу үчүн диний билим берүүнүн сапатын жакшыртып, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо зарылдыгына өзгөчө токтолду. Азыркы тапта бул маселе актуалдуу жана аны чечүү үчүн комплекстүү чараларды көрүү талап кылынат.

Бул үчүн биз Кыргызстан Ислам университетинин базасын бекемдешибиз керек. Мындан башка Бириккен Араб Эмираттарынын «Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян» фондусунун колдоосу менен Токмок шаарында Ислам академиясын куруу долбоору быйыл колго алынууда.

«Туура эмес диний чечмелөөгө жол берилбеши үчүн идеологиялык коопсуздукту күчөтүү керек. Кылымдардан бери бабаларыбыз карманып келген салттуу ханафий мазхабы элибиздин үрп-адатына каршы келген эмес. Буга байланыштуу менин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» биринчи Жарлыгым чыккан. Азыр ушул Жарлыктын негизинде Концепция иштелип чыкты», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өлкөдө диндер жана улуттар аралык тынчтыкты сактоодогу маанилүү ролун дагы бир ирет баса белгиледи.

Өз кезегинде Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Мамлекет башчысынын диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу керектиги тууралуу пикирин колдоду. Анткени дал ушул сабатсыз пропагандисттердин айынан карапайым калк исламда болбогон, бурмаланган же туура эмес идеяларды өздөрүнө сиңирип алышууда.

Анын айтымында, учурда республикада 100дөн ашык диний билим берүү мекемеси иштейт. Замир кары Ракиев экстремизмге каршы турууга, конфессиялар ортосунда тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, этникалык жана диний араздашууга жол бербөөгө салым кошо турган руханий агартуунун олуттуу бөлүгү катары кызмат кыла турган Ислам академиясын куруунун маанисин белгиледи.