Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев «Аламүдүн-1» мечитинин курулуш иши менен таанышып чыкты

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев казыяттын эмгек жамааты менен биргеликте ордо калаанын Свердлов районуна караштуу «Аламүдүн-1» мечитинин курулуш иши жана анын документтери менен жеринен таанышты.

Самидин кары өз сөзүндө мурунку мечиттин эскилиги жетип, келген жамаатка ыңгайлуу, бардык шарты менен жаңы мечит салууга муктаждык жаралганын белгилеп, курулуш иштерине көмөк көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди.

«Буга чейин салынган мечитке 30 жылдан ашык убакыт болгондуктан эски мечиттин ордуна жаңы мечит тургузулду. Бул мечитте элибизди жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарган жайга айлансын. Муну менен бирге мечитти салууга көмөктөшкөн инсандарга Алла Таалам иштерине береке берсин»,-Самидин кары.

Белгилей кетсек, «Аламүдүн-1» мечити толугу менен бузулуп, анын ордуна эки кабаттуу болуп салынды. Учурда жасалгалоо иштери жүрүүдө.