Республика боюнча Куран жарышына тандоо турун өткөрүү күндөрү

Республикалык Куран жарышына тандоо туру облус аймактарында төмөндөгү график боюнча өткөрүлөт.  

  • 11-сентябрь күнү  Ысык-Кѳл облусундагы «Яхя Умар Филалий Фатима Мухаммед» мечитинде саат  11:00 ѳткѳрүлѳт.
  • 11-сентябрь күнү Ош шаарындагы «Эрдем» мечитинде саат 9:00 өткөрүлөт.
  • 13-сентябрь күнү Ош облустук казыятынын борбордук мечитинде (Тирмизий мечити) саат 9:00 өткөрүлөт.
  • 13-сентябрь күнү Талас облусундагы «Сүйүн Ата» мечитинде саат 9:00 өткөрүлөт.
  • 9-сентябрь күнү Чүй  облусунун Сокулук районунун «Бермет Ислам» мечитинде  саат 9:00 өткөрүлөт.  Даареги:  Фрунзе №360.   
  • 9-сентябрь күнү Баткен шаарындагы “Нумани” борбордук мечитинде саат 10:00  өткөрүлөт.
  • 13-сентябрь күнү Нарын шаарындагы борбордук «Азирети Али» мечитинде саат 10:00 өткөрүлөт.
  • 13-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы борбордук мечитте саат 10:00 өткөрүлөт. Дареги: Гоголь көчөсү №57.
  • 13-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы «Исмаил Аль-Бухарий» мечитинде саат 9:00  өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы өткөрүлөт.

15-сентябрга чейин бардык облустук жана шаардык казыяттар өз аймагындагы Куран жаттатуу медреселеринин окуучулары жана жалпы эле Куран жаттоо менен алектенип жүргөн карылардын арасында тандоо конкурсу өткөрүлүп, андан жеңип чыккандар республикалык Куран жарышына катышууга жолдомо алышат. Ал эми 25-сентябрь күнү финалдык беттеш Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде өткөрүлөт.  

ЭСКЕРТҮҮ: Конкурска катышууга талапкерлердин жаш курагына чектөө коюлбайт.

КУРАН ЖАРЫШЫНЫН ТҮРЛӨРҮ:

1.         Куранды толук (30 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

2.         Курандын үзгүлтүксүз (20 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

3.         Куранды үзгүлтүксүз (10 пара) тилават тажвиди менен жатка билүү

ЖАРЫШКА КАТЫШУУЧУНУН ШАРТТАРЫ:

1.         Кыргызстандын жараны болуусу

2.         Бул жарышта, жарыштын бир эле түрү боюнча катыша алат

3.         Жарыштын бир түрүнө катталып, жарыш башталганда башка түрүнө өтүүгө болбойт

4.         Жарышка катышып, сынак маалына келгенде баш тартууга тыюу салынат

5.         Катышуучулардын саны чектелбейт.

БАЙГЕЛЕР:

10 ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -100 000
  • 2-орун -70 000
  • 3-орун 50 000

 20-ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -150 000
  • 2-орун -100 000
  • 3-орун 80 000

30-ПАРА БОЮНЧА:

  • 1-орун -200 000
  • 2-орун -150 000
  • 3-орун 100 000

Куран жарыштын жалпы фондусу — 1,5 миллион сом. Демөөрчү «Бай дыйкан» дыйкандарды колдоо борборунун негиздөөчүсү жана жетекчиси Эрлист Акунбеков.

Байланыш телефондору: 0770644438, 0773671225, 0708383840, 0558500806