Баткен облусунун казысы Баткен районунун Чет-Кызыл айылында мечитин курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышты

Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабиров Баткен облусунун Баткен районунун Чет-Кызыл айылындагы мечитин курулушуна капсула салуу иш-чарасына катышты.

Саамалыкка  Баткен облуснун экс казысы Пазыл ажы Султанмуратов жергиликтүү тургандар,  имамдар жана медресе кызматкерлери катыштып, мечит ыймандын, адеп-ахлактын жана туура диний баалуулуктарды жеткирүүнүн борбору болуусуна тилектештигин билдиришти.

«Мечит куруу эң соопту иштерден. Биз ушул башталган иш аягына чыгып, элге кызмат кылуусун Жараткандан тилейбиз. Бул мечиттин курулушуна баарыңыздарды колдоп салым кошууга чакырам. Ошондой эле тиешелүү документтерди да толук бүтүрүү керек»,-деди Нуридин ажы Мамасабиров.

Эскерте кетсек, Чет-Кызыл айылындагы  мечит эскилиги жеткендиктен жаңы мечит салууга муктаждык жаралган. Ал эми бул мечит «Ас-Сафа» фондунун каржылоосу менен курулмакчы.