Дин аалымдары КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын “Кызматташтык үчүн” төш белгилери менен сыйланышты

Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда салым кошкондугу үчүн КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров “Кызматташтык үчүн” төш белгилери менен КР ИИМдин өкүлү Манас Аманбаевди жана дин аалымдары Молдогазы ажы Зияев, Нуриддин ажы Асамуддинов, Абдышүкүр ажы Нарматов, Абдыманап кары Масалиевди сыйлады.