КМДБнын Россиядагы өкүлү Москва шаарынын муфтийи Ильдар Аляутдинов менен жолугушуп, улуттар арасындагы достукту чыңдоо боюнча пикир алышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы  өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев  Москва шаарынын муфтийи Ильдар Аляутдинов менен жолугушуп, кызматташууну бекемдөө, улуттар арасындагы достукту чыңдоо жана терс диний агымдардын алдын алууда түшүндүрүү, агартуу иштерин жүргүзүү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сүйүмбек ажы Жусубалиев Россия Федерациясында эмгектенип, окуп жаткан мекендештер менен жолугушуулар уюштурулуп, дин аалымдары ислам динин баалуулуктары айтылып жаткандыгын билдирди.

Ал эми Москва шаарынын муфтийи КМДБнын Россия Федерациясындагы  өкүлү менен кызматташууну мындан дагы бекемдөөгө ар дайым даярдыгын билдирди.