Азирети Муфтий Баткен казыятынын фатва бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Махманаби ажы Арзыкуловдун дүйнө салгандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты

“Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35). “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Баткен казыятынын фатва бөлүмүндө көп жылдар бою эмгектенип келген кесиптешибиз, замандашыбыз Махманаби ажы Арзыкуловдун дүйнө салгандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана өзүмдүн атымдан көңүл айтам. Албетте, маркум Махманаби ажы Арзыкулов өз өмүрүн дин  тармагына арнаган  инсан эле. Алла Таалам маркум Махманаби ажынын үй-бүлөсүнө сабырдуулук жана  күч-кубат берсин.  Ал эми Алла Таалам маркум Махманаби ажынын жанын жаннатта кылып, бейишинен орун берсин.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи  Замир кары Ракиев.