Ноокатта Куран жана фыкх илимин окуган айымдарга сертификаттар берилди

Ноокат районуна караштуу Төөлөс айыл өкмөтүндө жайгашкан «Молло Шарап» мечитинде Куран жана фыкх илимин эң мыкты окуган айымдарга сертификаттар, Курандын кыргызча котормосу белек кылынды.

«Илим алуу мусулман эркекке да, аялга да милдеттүү. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Илим талап кылуу – бешиктен мазарга чейин»,- деген. Демек, илим алуунун эрте-кечи болбойт. Сиздер жашы улуу эжелерге жандуу өрнөк болдуңуздар. Ушуну менен токтоп калбай, дагы да издене бериңиздер. Илим бул эле эмес, эки дүйнөнү тең жарык кыла турган шам чырак», – деди баш имам хатиб Музаффар ажы Турдубаев.

Эскерте кетсек, аталган мечитте айымдар үчүн  атайын сабактар уюштурулууда.