Музаффар ажы Турдубаев: Кээ бир мечиттер бүгүнкү күнгө чейин каттоодон өтө элек. Каттоо ишин тездетели

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүндө жайгашкан «Каңды» мечитинде айыл өкмөттөгү имамдарга жыйын өткөрүлүп, анда  имамдардын ортосундагы ынтымакты бекемдөө, КМДБ, казыят жана хатибияттан келген буйруктарды аткаруу, ашыкча ысырапкерчиликтерди кыскартуу, каттоодон өтө элек айрым мечиттерди каттоодон өткөрүүнү тездетүү жана айыл өкмөттөгү кээ бир социалдык маселелер каралды.

«Ыйык Курандын Хужурат сүрөсүндө: «Чындыгында ыймандуулар – бир тууган. Ошондуктан бири-бириңердин ортоңорду (өз ара мамилеңерди) түздөгүлө!», – деп буйрулган. Биз баарыбыз бир тууганбыз. Эл карай турган, түздөнө турган, өрнөк ала турган кишилер, биз – имамдарбыз. Биз ынтымакта болсок, эл да ынтымакта болот. Ошондо улут-улутка, уруу-урууга бөлүнүп-жарылуу токтойт. Ошондуктан биринчи кезекте өз ара ынтымагыбызды бекемдейли. Андан соң өз жамаатыбызга кам көрөлү», – деди Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев.

Музаффар ажы мечиттерди каттоо маселесине да токтолуп, кээ мечиттердин каттоодон өтө элек экендигин айтып, тапшырма берди.

«Кээ бир мечиттер бүгүнкү күнгө чейин  каттоодон өтө элек. Каттоо ишин тездетели. Эң сооптуу, эң зарыл маселенин кечеңдеп  жатканы абдан таң калыштуу. Бизде эки жүз эмес, эки миң, ал тургай жыйырма миң мечит болсо да кабагым-кашым дебей, сүйүнүп жүрүп каттоодон өткөрүшүбүз керек эле. Биздин шашпай жүрө бергенибиз туура эмес. Ошондуктан бул маселеге тиешелүү имамдар, каттоо ишин тездетиңиздер», – деди баш имам хатиб.