Ош шаарында «Диний экстремизм жана терроризмдин алдын алууда имамдардын ролу жана салттуу динге радикалдуу көз караштардын таасирин азайтуу» аттуу семинар өткөрүлдү

Бүгүн, 9-сентябрь күнү Ош шаарынын Султан Ибраимов атындагы улуттук драм театрында УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы Башкармалыгынын демилгеси, Ош облустук мусулмандар казыятынын уюштуруусу, Ош шаардык казыяты, Ош ОИИБ жана Ош ШИИБдин көмөгү менен
«ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМДИН АЛДЫН АЛУУДА ИМАМДАРДЫН РОЛУ ЖАНА САЛТТУУ ДИНГЕ РАДИКАЛДЫК КӨЗ КАРАШТАРДЫН ТААСИРИН АЗАЙТУУ» аттуу семинар болуп өттү.

Иш-чарага дин кызматкерлери жана укук коргоо органдары катышты.

Семинарды Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев ачып, дин кызматкерлерине төмөнкүдөй кайрылуусун жолдоду.

«Азыркы учурда биздин салттуу динден оолак болгон багыттар күчөп жатат. Өзүбүздүн миң жылдардан бери карманган матуриди акыйдасы жана ханафи жолубуз турганда, башка агымдарга эргешкендер көп чыгууда. Пайгамбарыбыздан (с.а.в.) бери келе жаткан жолубуз ушул. Башка багыттагы тайпалар аят-хадистердин маанисин бурмалап, өздөрүнүн идеяларын таңулоо аркылуу каалайыктын башын айлантып, фитна чыгарышууда. Биз имам катары, адашкан тайпалардын принциптерин негиздүү далилдер менен жокко чыгаруу аркылуу элибизди радикал жана жихадчыл идеялардан коргой алабыз», – деди ал.

Сайдамир ажы өз баяндамасында ханафи мазхабы менен мазхабсыз тайпанын шарияттагы каршы келген жагдайларына токтолуп, алардын көз карашын шаръий далилдер менен жокко чыгарды.

Ал эми ДИМК ТАБдын башчысы Исакбай Мурзабеков диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатка токтолду:
«Имамдын жоопкерчилиги өтө оор, мечиттин жамаатына динди туура багытта жеткирүүсү зарыл. Мына ошондуктан имамдарга атайын окуу курстарын өткөрүп, бир топ иш-аракеттерди жүргүздүк«, – деди ал.

Мурзабеков Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдар ж.б. бир топ маалыматтар менен бөлүштү. Атап айтсак, салафизмдин такфиристтик тобуна 2012-жылдын 24-октябрында Биринчи май райондук сотунун чечими менен тыюу салынганын эскертип өттү.

Ал эми КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы Башкармалыгынан бул иш-чара өткөн жылга мерчемделгенин, бирок пандемия себептүү артка жылдырылып келгенин белгилешти.

Семинар соңунда дин кызматкерлери туура эмес диний агымдардын ишенимдери жөнүндө маалыматтарга ээ болушту.
Жасалган баяндамалар билгендер үчүн кайталоо, билбегендер үчүн пайдалуу маалымат болду деп айтууга болот.