Талас облусунун Манас районундагы 50 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Талас облусунун Манас районунун хатибиятына  Бишкек шаарында эмгектенип жүргөн кайрымдуу инсандар тарабынан 50 баштык гуманитардык жардам келип түштү.

Ар бир баштыкка салынган азык-түлүк 26 кг түзүп, анын баасы 1800 сом. Анын ичинде 10 кг ун, 5 кг макарон, 5 литр өсүмдүк майы, 3 кг кум шекер, 3 кг күрүч болуп жалпы азык-түлүктүн баасы 90 миң сомду түздү. Бул жолу Май, Кызыл – Жылдыз, Ак – Таш, Таш – Башат, Пакровка айылдарына имамдар аркылуу колу жука үй-бүлөлөргө жеринде таратылып берилди.

Демөөрчүлөргө Кудай Таалам ыраазы болсун. Ай сайын муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүп, азык-түлүк жөнөтүп жатышат. Кудай Таалам иштерине береке берсин. Имамдар аманаттарды ээлерине жеринде жеткирүүдө. Ушундай элине жерине кызмат кылган берешен, ыймандуу, жоомарт жигиттерибиздин катары көбөйө берсин”, — деди райондун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев.