Нарын облусунан Пулотов Мухаммедали, Бердигулов Абдулло жана Хабибулло уулу Кароматулло республикалык Куран жарышына жолдомо алышты

Бүгүн,  13-сентябрь күнү Нарын облустук казыятынын борбордук “Азирети Али” мечитинде республикалык Куран жарышына  тандоо туру болуп өттү.

Тандоо туруна Нарын районунун баш имам хатиби Кумар ажы Орозалиев, Нарын медресесинин мүдүрү Баатырбек ажы Жакыпов, Нарын медресесинин окутуучусу Абдилахат  кары  Пирматов  калыстык кылышты.

Калыстар тобунун чечиминин негизинде:

10 пара боюнча-Пулотов Мухаммедали

20 пара боюнча-Бердигулов Абдулло

30 пара боюнча-Хабибулло уулу Кароматулло  республикалык Куран жарышына жолдомолор  тапшырылды.