Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Малайзиялык CSQLaw фирмасы менен кызматташууга даяр

Мадзлан Мохамад Хуссейн баштаган Малайзиялык делегация Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазиев менен жолугушуп, окутуу жана тажрыйба алмашуу жаатында пикир алышты.

Ал эми CSQLaw  фирмасынын улук өнөктөшү Мадзлан Мохамад Хуссейн Кыргызстанда «Халал парк» долбоору боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын айтып,  фирма исламдык финансылык кызматтар жана корпоративдик иштер менен алек экендигин билдирди.

“Кыргызстанда «Халал парк» долбоору боюнча изилдөө жүргүзүп, юридикалык, финансылык, халал стандартка шайкеш келтирүү боюнча иш алып барабыз.  Малайзияда халал тармагы 9 багыт менен иш алып барат. Сертификат 2 жылга берилип, текшерүү иштери жылына жүрүп турат. Биз, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен кызматташууга даярбыз”,-деди Мадзлан Мохамад.

Ал эми Азирети Муфтийдин орун басары КМДБда атайын халал иштери боюнча кызматтарды жана продукцияларды сертификациялоо боюнча бөлүм ачылып, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу шайкештикти баалоо системасын жөнгө салуу жана адал индустриясы менен биргеликте ишканаларга сертификаттар берилип жаткандыгын маалымдады.

“Башкы максатыбыз элдин тамак-ашын адалдоо. Жараткан Алла Таала насип кылса алдыга бир топ максаттарды коюп, мекеме ишканаларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз”,-деди Жоробай ажы Шергазиев.

Эскерте кетсек, Малайзиялык CSQLaw  фирмасы 2015-жылы негизделип, исламдык финансылык кызматтар жана корпоративдик иштер менен алектенет.