Жалал-Абадда республикалык Куран жарышына тандоо туру аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды

Кечээ, 13-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы Исмаил Аль-Бухарий жума мечитинде республикалык  Куран жарышына тандоо туру өтүп, ага 20  талапкер катышты.  Калыстар тобунун чечиминин негизинде 30 пара боюнча 1 орунду Хажыакбар Ахмедов камсыздаса,  20 парадан 1  орунду Абдулла Умашкаримов  ээледи. Ал эми 10 пара боюнча 1 орунга Акжол  Жусупов озуп чыкты.

Тандоо турунун соңунда Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысынын орун басары Давранбек ажы Жунусалиев облус казысы Нематулла ажы Жээнбековдун атынан катышуучуларга ыраазычылык билдирип, жеңүүчүлөргө республикалык Куран жарышына жолдомо баракчаларын тапшырды.