Таласта Куран жарышы өтүп, 9 талапкер өз күчтөрүн сынашты

Талас шаарынын “Сүйүнт Ата”  мечитинде республикалык I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышына талапкерлерди тандоо туру өттү. 10-20-30 пара куранды жаттагандарга Талас облус казынын орун басары Касым ажы Сыдыков, медресе  мугалими Бекболсун  Кушубаков жана Кубанычбек уулу Алтынбек калыстык кылышып, 9 талапкердин арасынан мыктыларын тандашты.

30 пара Куранды жаттоо боюнча Салман Рахматуллаев калыстардын купулуна толуп, алдыга чыкса,  Эржигит Алишеров 20 пара боюнча экинчи орунга э болду. Ал эми үчүнчү орунду  10 пара менен Нурмухаммед Мирбеков камсыздады.

“Куран бул Алланын сөзү, ошондуктан аны жаттап үйрөнүү жөнүндө көптөгөн хадистер келген. Пайгамбарыбыз (с.а.в): “Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнүп жана аны башкаларга үйрөткөндөр”,-деген. Куранды жаттоо биринчиден сыймык, экинчиден жоопкерчилик болуп эсептелет. Айрыкча башкаларга Куранды туура эрежелер менен үйрөтүүдө жоопкерчиликти сезип, ар бир адам Куранга аяр мамиле кылыш керек”, — деди облус казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков.  

Иш-чарага казыяттын үгүт -насаат жана билим берүү адиси Абдысамат уулу Өмүрзак, Талас шаарынын баш имам хатиби Алтынбек Бешкемпиров катышып, жеңүүчүлөргө ийгилик каалашты.  

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышы өткөрүлөт.