Силердин эң жакшыңар-Куранды үйрөнүп жана аны башкаларга үйрөткөндөр

Бишкек шаарындагы «Жанбото Ата» мечитинин имамы хатиби Камилжан ажы Муратовдун демилгеси менен жаштар арасында Куран сабактары уюштурулууда.

Мечит имамынын айтымында сабак ыктыярдуу түрдө уюштурулуп, каалоочулар Куранды туура окууну үйрөнүшүүдө. 

«Албетте Куранды үйрөнүү өтө соопту жана пайдасы өтө көп. Куранды үйрөнүү менен бирге мектеп сабактарын да мыкты окуш керек. Билимдүү коомдун келечеги бар»,-деди Камилжан ажы Муратов.