Араванда жаш өсүрүмдөр арасында Куран конкурсу болуп өттү

Ош облусунун Араван районунда жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы болуп өттү. Конкурска район боюнча жайкы каникул учурунда Куран алиппесин жана адеп-ахлак негиздери боюнча сабак окугандар, ошондой эле үйүндө ата-энесинин колунда окуган балдар ат салышты. Иш-чарага Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган дин кызматкерлери катышты.

«Бул ар кандай иш-чараларга караганда өтө сооптуу, өтө берекелүү саамалык деп айтууга болот. Келечегибиз болгон жаш өспүрүмдөрдүн Улуу Куранды кадимкидей шыр окуп жатканын көрүп, жүрөк толкуйт. Ушундай сонун райондук деңгээлдеги иш-чараны уюштурган Алибек дамблага ыраазычылык билдиребиз», – деди облус казысы.

Араван районунун баш имам-хатиби Алибек ажы Жусупов конкурстун негизги максаты жайкы каникулда уюштурулган үч айлык сабактардын жыйынтыгын чыгаруу, ошондой эле балдарды смартфонго болгон көз карандылыктан алыстатып, Ыйык Куранга жакындатуу экенин билдирди:

«Район боюнча 1298 уул бала мечиттеги сабактарыбызга катышкан, анын 980и Куранды тажвид эрежеси менен шыр окуй турган деңгээлге жетти. Ал эми кыз балдар боюнча айтсак, жалпы 678 кыз сабак окуган болсо, алардын 600 дөн ашууну Куранды эркин окуй алат. Ал эми үй шартында окуган 50 дөн ашуун баланы да эске алып, аларды да өзүнчө топ менен баалап, кубантууга аракет кылдык», – деди. 

Эскерте кетсек, райондук деңгээлдеги Куран конкурсу жалаң өспүрүмдөр үчүн уюштурулган. Анда бир пара боюнча, жарым пара боюнча, көркөм окуу боюнча жана ошондой эле үйүндө ата-энесинин колунда окугандар үчүн өзүнчө байгелер уюштурулуп, жеңүүчүлөргө велосипеддер берилди. Ал эми Куран конкурсунун жалпы байге фонду жүз миң сомдон ашты.