Бишкек шаарында өткөн Куран жарышына 40 талапкер катышып, калыстар мыктыларды тандашты

Бишкек шаарында өткөн республикалык Куран жарышына 40 талапкер катышып, калыстардын чечими менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык I “Куран жазы” аталышындагы Куран жарышына 3 талапкер тандалды.

Алар:
10 пара боюнча Хакимбеков Абдулазиз Абдумананович
20 пара боюнча Умаров Аятулла Абдушаидович
30 пара боюнча Закиров Абдулла Кучакшоевич

Тандоо турунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын кызынын орун басары Талантбек ажы Темирбаев жеңүүчүлөргө жолдомолорду тапшырып, аларга ийгилик каалады.

«Куран – Алла Тааланын сөзү болгондуктан, анын башка сөздөрдөн улуулугу Аллах Тааланын башка макулуктардан улуулугу сыяктуу. Ал эми аны окуу тил сүйлөгөн сөздөрдүн эң жакшысы. Куран окуунун, окутуунун жана кыраат кылуунун көптөгөн пазилеттери бар. Аны окуу жана окутуу сооптуу иш. Пайгамбарыбыз (С.А.В.) айтат: «Силердин эң жакшыңар – Кураанды окугандар жана окуткандар». «Кураан жаттаган адамга (Бейишке түшкөндө) Окуганыңдын даражасынча (Бейиштин бийик даражаларына) көтөрүл! Аны дүйнөдө кыраат менен окугандай оку! Сенин ордуң окуган акыркы аятыңдын алдында (өтө бийикте) болот!», деди Талантбек ажы Темирбаев.