Бишкектеги Калыс Ордо конушунда жаңы мечит пайдаланууга берилди

Бишкек шаарындагы Калыс Ордо конушунда жергиликтүүлөрдүн демилгеси менен жаңы мечит кайрадан тургузулуп, ишин баштады. Мечиттин жанында атайын сабак өтүлүүчү дарсканасы да кошо салынган.

Мындай мечит салууда аталган конуштагы эң чоң мечит болгон «Латифа» мечитинин имам хатиби Нурбек ажы Исманалиевдин эмгеги зор.

Мечиттин ачылышына Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, Бишкек шаарынын казысы Самидин кары Атабаев жана дин кызматкерлери катышты.

«Талыкпаган мээнетинин натыйжасында Нурбек ажы өз элинин эң кадырлуу адамына айланган. Ар кандай жакшы жаманчылыкта элдин башын биринчилерден болуп бириктирип, жардам кадамдарын узатып келет. Пандемия күндөрүндө да өтө чоң салымын кошуп муктаждардын жардамында болду. Бүгүн мечит алып жалпы конушдун тургундарына кубанычка бөлөп турган убагы«.-деди Самидин кары.