Россия Федерациясында диний чөйрөдө эки тараптуу кызматташуу маселеси талкууланды

КР Президентинин  Администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев  баштаган  делегация Россия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында  Улуттар иши боюнча Федералдык агенттигинин башчысынын орун басары Станислав Бедкин менен жолугушту.  Жолугушуунун алкагында  Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Россия Федерациясынын Улуттар иши боюнча Федералдык агенттигинин ортосунда  2019-жылдын март айында кол коюлган меморандумда кабыл алынган маселелер талкууланды.

Меморандумда диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттагы багыттар боюнча тажрыйба алмашуу, диний билим берүү, ошондой эле диний басмырлоонун, радикализм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүзөгө  ашыруу сыяктуу кызматташтыктын багыттарын камтыган.

Делегациянын курамында :

Турсунбеков Замир Аманкович — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперти;

Кожомбердиев Замир Сүйүмбаевич — Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары;

Бишкек епискобу жана кыргыз Даниел;

Ысык-Көл, Жалал-Абад облусунун жана Бишкек менен Ош шаарынын казылары;

Жусубалиев Сүйүмбек – КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү.

Иш сапар алкагында Татарстан Республикасынын Президентинин Администрациясы, Москванын жана жалпы Рустун Патриархы Кирилл, Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын, Татарстан Республикасынын мусулмандарынын Дин Башкармасынын жана Россия Ислам институтунун жетекчилери менен жолугушуулар күтүлүүдө.