Азирети Муфтий Замир кары Ракиев: Бизди кармап турган, улуттук жана руханий дөөлөттөрүбүз бар экендигин унутпашыбыз керек

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Москва шаарындагы борбордук мечитте мекендештер менен жолугушуп, бактылуу үй-бүлө, ынтымак, достуктун маанилүүлүгү, мекенди сүйүү темаларында баяндама жасады.

Азирети Муфтий мекендештерди кайрымдуу, боорукер жана ынтымактуу болууга чакырып, кайсыл гана мамлекетте болбосун ал өлкөнүн мыйзамдарын бекем сактоого чакырды.

«Ислам дини бардык элдин укугун коргоп, ынтымак – ырашкерликте, достук – боордоштук жашоого үгүттөйт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)  мындай деген: «Баарыңар Адам Атанын урпагысыңар. Адам болсо топурактан жаралган. Эч ким ата – бабаларынын кыйындыгына мактанбасын. Кимде – ким бул айтылгандын тескерисин жасаса, Аллахтын алдында кадыр – баркы өтө төмөн болот»,-деген. Адамдардын жан-дүйнөсүндө таза сезимдер, ойлор жана ниеттер гана болууга тийиш. Жүрөгү таза адамдын ыйманы да күчтүү болот»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар ислам – адамдардын ортосундагы ынтымакты бекемдеп, бөлүнүп-жарылуу, бүлгүн салуу, бузукулук кылуу сыяктуу терс көрүнүштөрдү жок кылууга негизделген улуу дин экендигин айтты.

«Ыйык Куранда: Баарыңар Аллахтын жибин карманып, бөлүнүп-жарылбагыла! (Али Имран, 103.) дейт. Бизди кармап турган, улуттук жана руханий дөөлөттөрүбүз бар экендигин унутпашыбыз керек. Жаратылышка көз салып көрөлүчү, биз ынтымакты, биримдикти, тартиптүүлүктү жана ачык-айкындыкты көрөбүз. Андыктан биз дагы жан дүйнөбүздү жаратылыштай тунук сезимдерге толтурушубуз зарыл»,-деди Замир кары Ракиев.