Россия менен Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын ортосундагы кызматташууну бекемдөө, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселеси талкууланды

КР Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган делегация Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы, Муфтий шейх Равил Гайнутдин менен жолугушту.  

Эки тараптуу жолугушууда тараптар кызматташууну бекемдөөнү сүйлөшүштү.

«Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги курултайында жаңы шайланган муфтий жана анын командасы сиздер менен ислам дини жаатында эки тараптуу кызматташуусу кубандырат. Алдыда реформа кылына турган бир катар маселелер бар. Жаңы муфтийдин баштаган кадамдарын мамлекет толук колдойт»,-деди Кудайберген Базарбаев.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Кыргызстан менен Россиянын мусулман уюмдарынын ортосунда жүргүзүлгөн биргелешкен иш -чаралардын өнүгүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин белгиледи.

Ал эми Муфтий шейх Равиль Гайнуддин ислам динин тутунгандар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана союздаштык мамилелердин деңгээлин жогорулата тургандыгын айтып, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

«Биздин элдердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташтыктын деңгээли эки элдин ынтымагын чыңдайт жана өнүктүрөт», — деди Муфтий шейх Равил Гайнутдин.

Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасынын айтымында Россия менен Кыргызстандын мусулмандары жалпы тарых, менталитет, бир мазхаб, кылымдык салт менен уланган  кыргыз жана татар элдеринин ортосундагы бекем байланыштар кылымдарды камтыйт.

Жолугушуунун соңунда Россия мусулмандарынын башчысы Азирети Муфтий  Замир кары Ракиевди ушул жылдын декабрь айында Римде өтө турган 17 -Эл аралык мусулмандар форумуна катышууга чакырды.

«Мен ишенем, бул форумда баарыбыз биримдигибизди көрсөтө алабыз жана биз, мусулман лидерлери, тынч исламды өнүктүрүп жатабыз», — деди ал.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы, Муфтий шейх Равил Гайнутдинге ыраазычылыгын билдирип, мындан аркы кызматташуу бекемделе бере тургандыгын баса белгиледи. Муну менен катар Азирети Муфтий 29-30-сентябрда ордолуу Ош шаарында “Ислам тынчтыктын тиреги” аталышындагы Эл аралык конференция өтө тургандыгын айтып, ага Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлдөрү дагы чакырылгандыгын билдирди.