Ноокат районундагы Кулатов айыл өкмөтүнүн имамдарына жыйын өткөрүлдү

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл өкмөтүндөгү имамдарга жыйын болду. Жыйында имамдардын биримдиги, адашкан агымдарга кирип кеткендерге түшүндүрүү иштерин күчөтүү, салттуу эмес диндин өкүлдөрүн мечитке кызматка албоо жана жетекчиликке баш ийүү маселелери күн тартибине коюлду. Ошондой эле жетекчиликке итаат кылбаган айрым дин кызматкерлерине эскертүүлөр берилди.

Жыйында райондун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев: 

«Азыр салттуу исламга байланышы жок агымдар күчөп жатат. Биз, расмий дин кызматкерлери катары алардын көз караштарынын элге жайылышына жол бербешибиз керек. Бизге айыл өкмөт аймагында «Йакын-Инкардын» көз карашын колдогондор пайда боло баштаптыр деген маалымат түштү. Алардын идеялары калың элдин катмарына жайылбашы зарыл. Тийиштүү имамдар күчөтүлгөн тартипте иштеңиздер», – деди ал.

Эскерте кетсек, Музаффар ажы районго караштуу айыл өкмөттөрдүн имамдарынын иши менен жакындан таанышуусун мындан ары да улантмакчы.