Иорданиянын калк аралык ислам аалымдары университетинин «Ханафи, фыкх» факультетинин деканы доктор Салах Абул Ал-Хаажд Кыргызстанга келди

Бүгүн, 17-сентябрда өлкөбүзгө Иорданиянын калк аралык ислам аалымдары университетинин «Ханафи, фыкх» факультетинин деканы доктор Салах Абул Ал-Хаажд келди. Мейманды «Манас» эл аралык аэропортунан Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев тосуп алды.

Доктор Салах Абул Ал-Хаажд өзүнүн иш сапары алкагында дин кызматкерлери жана жергиликтүү тургандар  менен жолугушуп, өзүнүн баяндамасын жасамакчы.

Муну менен катар Иорданиянын калк аралык ислам аалымдары университетинин «Ханафи, фыкх» факультети менен кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөр жүрмөкчү.