«Жабир» кыздар медресесинде окуу процесси башталды

Ош облусунда жаңы ачылган «Жабир» кыздар медресесинде алгачкы сабактар бериле башталды. Медреседе дин илимин алуу үчүн жыйырмага чукул кыз өлкөнүн ар кайсы регионунан келди.

Ош облустук мусулмандар казыятынын кызматкерлери медресенин туңгуч студенттери менен жолугуп, аларга ак жол каалады.

«Илим алуу сабырдуулукту, өжөрлүктү жана мээнетти талап кылат. Илим алуучу биринчи кезекте эрктүү болууга тийиш. Илим баарына эле жуга бербейт. Андыктан көп-көп аракет кылгыла. Кимде-ким Алланын ыраазычылыгы үчүн илим алса, Кудай Таала анын даражасын көтөрүп коет. Мына, медресеңерде бардык шарттар бар. Ушул жердеги мүмкүнчүлүктөрдү туура жана натыйжалуу пайдалангыла», – деди облустук казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Абдималик ажы Турсунбеков.

Ал эми казыяттын кадр, катчылык жана маалымат адиси Иманбек Азизилла уулу илимдин пазилеттерине токтолуп, төмөнкүлөрдү билдирди:

«Илим эки дүйнөнү тең жарык кылчу өзгөчөлүккө ээ. Бул жерге келүү нечендеген кыздарга насип болбогон чыгар«Илим алуу – эркекке да, аялга да парз» демекчи, сиздер улуу парзды аткаруу үчүн келип олтурасыздар. Диний билим алсак деген максат-ниетиңиздер убактылуу эмес, түбөлүктүү болсун. Илим жолуна бет алган сапарыңыздар байсалдуу болсун».

Айта кетчү жагдай, сабактарды теология факультетин бүткөн адистер беришмекчи.