КМДБнын фатва, диний адабияттар бөлүмү имамдарга үй-бүлө институтун бекемдөө максатында окуу семинарын өткөрдү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын фатва, диний адабияттар бөлүмү Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана «Мутакалим» коомдук фонду менен биргеликте Кыргызстандагы бардык расмий дин кызматкерлерине үй-бүлө институтун бекемдөө жана аялдардын никеден кийинки шарияттык, социалдык укуктарын  сактоо, бирдиктүү нике кыйуу максатында, онлайн окуу семинарын өткөрдү.

Семинарда бирдиктүү нике боюнча инструкция иштелип, анда никени кыйуу тартиби, шарттары, эрежелери иштелип чыгып, имамдарга тааныштырылды.

Окутууну фатва, диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов жана дин аалымдары өткөрдү.

«Ислам дининде үй-бүлө баалуулуктары даңазалаган. Никелешүү менен турмуш куруу инсандын жеке жашоосуна жана ошондой эле жалпы коомдук жашоого  дагы  өтө пайдалуу таасири бар. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): « Никелешкиле, көбөйгүлө. Мен кыямат күнүндө өткөн үммөттөрдүн алдында силердин көптүгүңөр менен сыймыктанам. Ал тургай карындан түшкөн, чала төрөлгөн бала менен дагы»— деп айткан»,-деди Султанали ажы Гапуров.

Аталган иш-чара БУУнун  UNFPA фондусунун техникалык колдоосу менен ишке ашырылган.