Ош шаардындагы дин кызматкерлери Республикалык ишембилик иш чарасына активдүү катышууда


Бүгүн, 18-сентябрда Республика боюнча ишембилик жарыялангандыктан, Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы мечит имамдары ишембилик иш чарасына активдүү катышууда. 

Анда ар бир мечит имамы, жамаат менен биргеликте мечиттин айланасын тазалоо иштерин колго алышты.

Айта кетсек, Ош шаарында 81 мечит мамлекеттик каттоодон өтүп, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.