Жалал-Абад облустук казыяты ишмебилик уюштурду

Бүгүн, 18-сентябрда Жалал-Абад областы боюнча ишембилик өткөрүлдү. Иш-чарага Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, шаардык мэриянын, казыяттын эмгек жамааты жана башка бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө бак-дарактар сырдалып, айлана-чөйрөнү таштандылардан тазалоо иштери кызуу жүргүзүлдү. 

Муну менен катар ишембилик иш-чарасы Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятына караштуу район, шаарлардагы мечит, медреселерде да өткөрүлүүдө.