Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев дин аалымы имам Сарахсинин күмбөзүнө зыярат кылды

Өзгөн шаарында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жана КР Президенти Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” жарлыгына ылайык, “Маданият мунарасы” долбоорунун алкагында “Өзгөн-Мунара-2021” этно-фольклордук фестивалы болуп өттү.

Анын алкагында ислам дүйнөсү гана эмес, ааламга аты чыккан аалым имам Сарахсинин күмбөзүнө зыярат кылынды.

Ага ЖК депутаттары, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, дин кызматкерлери, маданият ишмерлери, Өзгөн шаарынын жана районунун тургундары катышты.

Ошондой эле Түркиядан улуу аалымдын 31 томдук “Китаб аль-Мабсут” эмгегин түрк тилине чебер которгон, проф., док. Мустафа Жеват Акшит баштаган ардактуу коноктор келди.

Ислам юриспруденциясында аттын кашкасындай орду бар имам Сарахсинин өмүр-таржымалы боюнча кыскача сөз кылган Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев буларга токтолду:

Ханафи мазхабынын эң улуу имамдарынын бири болуп саналган имам Сарахси ушул жерде жатат. Анын Китаб аль-Мабсут аттуу легендарлуу эмгеги бүгүнкү күнгө чейин мусулмандарга кызмат кылып келе жатат. Анын таберик ысымы унутулбай, дайыма дуба менен эскерилет” – деди.

Ал эми проф., док. Мустафа Жеват Акшит:

Мен бул жерде эч кандай чоочундук сезген жокмун. Биз, түрк элдери бир тууган элбиз. Тарыхий Өзгөн шаарында имам Сарахси баш болгон нечендеген аалымдар жатат. Сиздер ушундай улуу аалымдын урпагысыздар. Бул үчүн сыймыктанышыңыздар керек. Ошол эле учурда бабаңыздарга татыктуу урпак болууга аракет кылышыңыздар зарыл. Сарахсиге бир эле ислам дүйнөсү эмес, бүт дүйнө таңданат”, – деп билдирди.

Эскерте кетсек, облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев жогоруда аталган этно-фольклордук фестивалдын алкагында ОшТУнун Академик  Б. Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда өткөн илимий-практикалык конференцияга катышты.