Болгар Ислам Академиясы менен Кыргызстандагы диний окуу жайлардын билим берүүдөгү кызматташуу, тажрыйба алмашуу маселеси талкууланды

КР Президентинин Администрациясынын жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү, дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев баштаган делегация Татарстан Республикасын Болгар Ислам Академиясына барышты.

Эки тараптуу жолугушууда билим берүүдөгү кызматташуу, тажрыйба алмашуу маселеси талкууланды.

«Биз Россиядагы, анын ичинде Татарстандагы мусулман диний уюмдары менен тажрыйба алмашуу үчүн келдик. Биздин өз ара аракеттенүүбүз жакшы натыйжаларга алып келет деп үмүттөнөбүз», — деди Кудайберген Базарбаев.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров Болгария Ислам Академиясынын кыска убакыттын ичинде топтогон тажрыйбасына маани берди.

«Бул Россиядагы жана Борбор Азиядагы эң мыкты ислам билим берүү мекемелеринин бири.  Бизге ислам билимин өнүктүрүү үчүн биргелешкен иштер керек. Биздин университеттердин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга мурда кол коюлган. Бул өз кезегинде жакшы натыйжаларды берет деп ишенем»,-деди Тойгонбай Абдыкаров.

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары  Ракиев жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, студенттердин окууларына  ийгилик каалады.  Андан соң Аалымдар  Кеңешинин мүчөсү Фархат ажы Юсупов салттуу ислам түшүнүгүнө көңүл бурду.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстандан барган делегация  үчүн Болгария Ислам Академиясына жана тарыхый-архитектуралык музей-коругуна экскурсия өткөрүлдү.