Бишкек шаардык мусулмандар казыятынын демилгеси менен шаардагы медреселерге 300 000 сомдук тамак-аш таркатылды

Кечээ, 19-сентябрь күнү Бишкек шаардык мусулмандар казыятынын «үгүт-насаат жана мечиттер» бөлүмүнүн адиси Расулбек ажы Сариевдин демилгеси менен жаңы окуу жылынын башталышына карата шаардагы бир катар диний окуу жайларга тамак-аш түрүндө жардамдар көрсөтүлдү.

Жардам Шакаб Созонбаев жана Азатбек Чакиев атуу жеке ишкерлер тарабынан көрсөтүлгөн.

«Ишкерлерибиз ислам дининдеги берешендүүлүк канчалык пайда экенин түшүнүп алышты деп айта алам. Анткени Алла Таала жолуна сарпталган жардам, эселеп кайтат. Бардык жарандарды берешендикке чакырып кетмекчимин«,-деди асулбек ажы Сариев.