КМДБнын Орусиядагы өкүлү Новосибирск облусунун жана Новосибирск шаарынын Муфтийи Рафаил ажы Сулейманов менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Новосибирск облусунун жана Новосибирск  шаарынын  мусулмандарынын  дин башкармалыгынын төрагасы, Муфтий  Рафаил ажы Сулейманов менен жолугушту.

Эки тараптуу жолугушууда улуттар арасындагы  ынтымакты жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, жалпы адамзаттык баалуулуктарды жана идеалдарды ырастоо, руханий потенциалды жандандыруу жана элдерибиздин, коомдун адеп -ахлактык мамилелерин чыңдоо боюнча пикир алышты.

“Түшүндүрүү, агартуу  иштериндеги жемиштүү процесс коомдун бардык тармактарын камтып, элибиздин руханий баалуулугун жогорулатып келет. Биз жаштарыбызга туура жолду көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө аракет кылышыбыз керек”,-деди Муфтий  Рафаил ажы Сулейманов.

Ал эми КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Новосибирск шаарындагы жана Новосибирск облусунда жашаган Кыргызстандын мекендештер менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн  Муфтий  Рафаил ажы Сулеймановго ыраазычылык билдирип, бул эки өлкөнүн ортосундагы ынтымакты чыңдоо өбөлгө түзөөрүн билдирди.