Бишкек шаарынын Борбордук мечитте Иордания мамлекетинен келген Доктор Салах Абул Хааж «Ханафи мазхабы» боюнча сабак өттү

19-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы шаардык Борбордук мечитте Иордания мамлекетинен келген Доктор Салах Абул Хааж Бишкек шаарындагы имам хатибдерге «Ханафи мазхабы» боюнча сабак өттү.

Сабактын жүрүшүндө мазхаб кармануунун маанилүүлүгү, Ханафи мазхабынын орду жана Ханафи мазхабынын таянган далилдери  тууралуу айтып берди.   Айрыкча, Доктор Салах ар бир мамлекетте өз аалымдары чыгарган чечим фатваларга баш ийүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасап:

«Ар бир мамлекетте жашаган аалымдар чыгарган фатваларга амал кылуу керек. Анткени алар ошол жердин бардык шарттарын эске алуу менен  бир чечимге келишет»- деди.