Катыраң айылында 7 жаштан 11 жашка чейинки балдар арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Лейлек районуна караштуу Катыраң айылында 7 жаштан 11 жашка чейинки балдар арасында Куран жарышы өткөрүлдү. Саамалык айылдын «Нур ислам» мечитинин имамы Махамадали Мукарамовдун  демилгеси менен уюштурулган.

«Айылыбыздын  тургуну Сүйүнбек Жапаров балдарына  сүннөт той берип, тойду утурлай 7 жаштан 11 жашка чейинки балдар арасында бир жана жарым пара боюнча Куран жарышы өткөрүлдү»,-деди айыл имамы.

Саамалыкка Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажыДүйшөев катышып, калыстар тобун жетектеген.

«Райондун баш имам хатиби калыстар тобунун төрагасы болсо, Катыран мечитинин имамы Айип ажы Шайдуллаев, Абду Самад кары Мансуров жана Абду Саттар кары Жакыповдор жаштарга  насааттарын айтышып,  Куран жарышын көрккө бөлөштү»,-дейт Махамадали Мукарамов.

Сынактын жыйынтыгында:

Бир пара боюнча;

Биринчи орунга 8000 сом

Экинчи орунга 6000 сом

Үчүнчү орунга 4000 сом байге берилди.

Жарым пара боюнча;

Биринчи орунга 7000 сом

Экинчи орунга 5000 сом

Үчүнчү орунга 3000 сом байге берилди.

Мындан сырткары ар бир катышуучуга кызыктыруучу белек-бечкектер да берилген.