Баткен казыятында дин кызматкерлерине жыйын өтүп, көйгөйлүү маселелер талкууланды

Баткен казыятынын жыйындар залында район, шаарлардын баш имамдарына жана медресе мүдүрлөрүнө облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров казыят кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өтүп, анда диний көйгөйлөр талкууланды.

Жыйында аймакта аткарылып жаткан иш аракеттерди коомчулукка жеткирүү жана диний баалуулуктарды жайылтуу, мечиттердин каттоосу, өрт коопсуздугу, дааратканалардын тазалыгы жана башка көйгөйлүү маселелер каралды.

Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алууда, элди ынтымак, биримдикке үндөдөө, тарбия, адеп-ахлак жана дин баалуулуктарын жайылтууда массалык маалымат каражаттарынын орду чоң экендигин айтып, дин кызматкерлерине бул тармакта активдүү иш алып баруу тапшырмасын берди.

“Динибиз тазалыктын дини, ошондуктан биз мечиттерди, дааратканаларды таза кармашыбыз зарыл”— деди облус казысы.

Жыйын жүрүшүндө район, шаарлардын баш имамдарынын, медресе мүдүрлөрдүн бир канча сунуш-пикирлери айтылып, көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча иш алып барууга жалпы аймактагы имамдарды, окуу жайлардын  кызматкерлерин, ошондой эле аялдар борборлорун тартуу керек экендиги баса белгиленди. Катышучулардын ар биринин сунуш-пикирлери эске алынып, жыйындын соңунда бир катар  чечимдер кабыл алынды.

Ал эми чечимдин аткарылышын көзөмөлдөп туру жана тапшырманы аткарбаган кызматкерлердин жоопкерчилигин карап чыгуу казынын орун басары, казыят кызматкерлерине жүктөлдү.