Азирети Муфтий Замир кары Ракиев доктор Солах Абул Хажды кабыл алып, билим берүү жана Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча сабактарды уюштуруу жаатында сүйлөштү

Бүгүн, 22-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Иорданиянын калк аралык ислам аалымдары университетинин «Ханафи, фыкх» факультетинин деканы доктор Солах Абул Хажды кабыл алды.

Эки тараптуу жолугушууда диний окуу жайлар менен кызматташуу, Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча атайын сабактарды уюштуруу жана туура диний баалуулуктарды коомчулукка жеткирүү жаатында биргелешип иш алып баруу маселеси сүйлөшүлдү.

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев доктор Солах Абул Хажды кереметтүү кыргыз жергесине келип, өзүнүн мол тажрыйбасы менен бөлүшкөндүгүнө ыраазычылык билдирип, Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы эки өлкөнүн достугун бекемдөө менен билим берүү жаатында кызматташууга даяр экендигин билдирди.

«Аз убакытта диний окуу жайларды зыярат кылып, студенттер жана карапайым калк менен жолугуштук. Кыргыз эли абдан меймандос жана илимди талап кылган калк экендиги мага дароо сезилди»,-деди доктор Солах Абул Хаж.