Азирети Муфтий Замир кары Ракиев: Эне тилибиздин кадыр-баркын өстүрүү башкы милдетибиз

Мамлекетибиздин баа жеткис байлыгы болгон кыргыз тили кылымдарды карытып, маданиятыбызда, динибизде, салтыбызда улутубуздун уюткусу бойдон сакталып келе жатат. 

Ар бир кыргыз атуулу, өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө салым кошом деген Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүп, урпактарга таберик сыяктуу калтырууга милдеттүү. Мамлекеттик тилди кадырлап-сыйлоо, үйрөнүү, коомдук турмушубуздун бардык чөйрөсүндө кеңири колдонуу ар инсандын маданий деңгээлин, адамдын бийик сапатын, тилге болгон урмат-сыйын көрсөтөт.

Андыктан ар бирибиз эне тилибиздин коомдогу кадыр-баркын өстүрүүгө, анын мындан аркы келечегине, тилге болгон мекенчилдик сезимди бийик тутуп, жайылтуу башкы милдетибиз.