Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов иш сапары менен Кочкор, Жумгал райондорунда болуп, имамдардын көйгөйлөрүн укту

Кечээ, 23-сентябрь күнү Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов Кочкор, Жумгал райондоруна жасаган иш сапарынын алкагында жергиликтүү имамдар менен жолугушту.

Анда орчундуу маселелерди талкуулап, айрым иштерди биргеликте кеңешүү жолу менен чечүү керектигин баса белгилеп, мечиттердин каттоосун тез арада бүтүрүү талабына койду.

Мындан тышкары жашы жете элек өспүрүмдөргө нике кыйуудан оолак болуу, мечиттердин тазалыгына көңүл буруу, эл менен болгон мамилени арттыруу, жаштар жана мамлекеттик кызматкерлер менен биргеликте  тыгыз иш алып барууга чакырды.

Ошондой эле кирип келген күз айында үшүр маселесин элге түшүндүрүп, үшүр жыйноо тапшырмасы  берилди. Мындан тышкары  алдыда өтө турчу “БАКЫТ ОРДОСУ, ӨЧПӨС ӨМҮР, ЫЙМАН БУТАКТАРЫ” аттуу китеп окуу конкрусуна баардык имамдардын активдүү катышууга чакырды.